2019-жылдын тогуз айында 12 судьяга кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Ушул жылдын тогуз айында 12 судьяга кылмыш иши козголуп, үчөөнүн иши сотко өткөрүлдү. Дагы тогузунун иши тергелип жатат.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү 15-ноябрда Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында айтты.

Аталган фракциянын мүчөсү Закир Шарапов коррупцияга байланыштуу чуулгандуу иштер аягына чыкпай, жемкорлукка шек саналгандар кармалбай жатканын белгиледи. Эл өкүлү коррупция үчүн айыпталып кармалгандардын иши сотко өткөндөн кийин эркиндикке чыгып кетип жатканын айтып, судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү.

Бүгүн, 15-ноябрда, Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясы өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш боюнча маалыматын угуп жатат. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жооп берүүдө.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, 2018-жылдын ноябрында кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага далил катары видеотасма да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Алмаматовду 12,5 жылга камаган. Шаардык сот ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен аны эркиндикке коё берген. Райондук прокуратуранын арызы менен Жогорку сот ишти карап, 2019-жылдын 30-октябрында шаардык соттун чечимин жокко чыгарган. Кайра камалууга тийиш болгон Алмаматов табылбай жатканын 4-ноябрда милиция кабарлап, ага издөө жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты