Крестинин футболчуларга баа берди

  • 4 года мурун

Футбол боюнча Улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчулар күчтүү атаандаш менен беттешкенден кийин бир гана алдыга умтула турганын айтты.

Кыргызстандын футболчулары япон оюнчуларына каршы жакшы оюн көрсөткөнүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин билдирди.

14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Япониянын оюнчулары 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо раунддарынын алкагында беттешти. Оюн 0:2 эсебинде япондордун пайдасына аяктады.

Крестинин күчтүү команда менен беттешкен соң алдыга умтулуу боло турганын айтып, Кыргызстандын футболчулары мыкты оюн көрсөткөнүн белгиледи.

«Оюнчулардын жакшы ойноп баштары турган иш. Балдар алгачкы мүнөттөрдө татыктуу ойношту. Гол киргизүү учурлары япондордун курамасындагыдай эле көп болду. Оюнда ар кандай болот, алар гол киргизди, биз киргизе албай калдык. Биз дагы, алар дагы катачылыктарды кетирди, бирок абдан сапаттуу оюн болду», — деди машыктыруучу.

Ал эми япон курама командасынын машыктыруучусу Мориясу Хадзимэ Кыргызстандын командасы өзүнүн күчтүү экенин көрсөткөнүн билдирген.

Япониянын курамасы F тайпасындагы лидерлик позициясын сактоодо. Кыргызстан — экинчи орунда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты