Орусия сирия-түрк чек арасына аскер техникасын жайгаштырды

  • 4 года мурун

Россия Коргоо министрлиги Сириянын Эль-Камышлы шаарындагы аэропортко аскердик Ми-35М жана транспорттук Ми-8 тик учактарын жөнөттү.

Мындан тышкары ал жерге зениттик ракета-аткылоочу «Панцирь-С1» комплексинин бир нече машинасы жайгаштырылды.

Бул тууралуу «Ведомости» баслмасы Эль-Камышлыдагы авиациялык комендатуранын башчысы Тимур Ходжаевге таянуу менен билдирди.

Топтун максаты – учууларды үзгүлтүксүз камсыздоо, тик учактарды жана аталган аймакты кайтаруу. Комендатуранын көзөмөлүнө абадан коргонуу системасы, диспетчердик пункт, медициналык көзөмөл жана учууга чейинки даярдык жайлары кирет. Мындан тышкары ал жерде ондогон зооттолгон текхникалар, бир нече бөлүктөн турган аскердик полиция да бар.

Орусия буга чейин Түркия менен Сириянын чек ара тилкесин кайтарып жаткан аскердик полицияны коргоп, колдош үчүн абадан көзөмөл жүргүзө баштаган.

Түркия менен Орусиянын аскерлери Сириянын түндүк-чыгышындагы чек ара аймагын 1-ноябрдан бери биргелешип кайтарып жатышат.

22-октябрда Сочиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин жолугуп, Сириядагы жортуулга байланыштуу меморандумга кол койгон. Анда күрд күчтөрү аймактан чыгып кеткен соң эки тарап жалпы күзөт жүргүзүү тууралуу макулдашкан болчу.

Тараптар 110 чакырымдан ашуун аймакка чогуу көз салышат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты