​Өлкөдө мамлекеттик ММКлар корпорацияга биригиши мүмкүн

  • 4 года мурун

Өкмөт мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган.

— Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду «Пирамидага», «5-каналга» берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде «Кабар» агенттигине 22 миллион сом, «ЭлТР», «МИР» телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, «Кабар», «5-канал» жана башка мамлекеттик ММКларды бир корпорация катары түзүү каралууда.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты