«Матч ТВ» каналынын белгилүү комментатору Кыргызстан менен Япониянын оюнун баяндайт

  • 4 года мурун

Россиялык «Матч ТВ» каналынын белгилүү комментатору Денис Казанский Бишкекте өтө турган Кыргызстан менен Япониянын оюнун баяндайт. Бул туурасында Коомдук телерадиокорпорациянын сайтында айтылат.

Казанский оюндун жүрүшүн КТРК каналындагы кесиптештери менен биргеликте айтып берет. Баяндамачы социалдык тармактагы баракчаларына Бишкекте жүргөн сүрөттөрү менен бөлүшүүдө.

Эки өлкөнүн командалары бүгүн, 14-ноябрь күнү, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кездешет. Оюндун билеттери толугу менен сатылып бүткөн. Буга байланыштуу беттешке кире албай калгандар үчүн эски аянтта күйөрмандар зонасы болору айтылган.

Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командаларынын оюну 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында болуп жатат. Эки команда тең F тайпасында. Учурда Япония группанын лидери болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда келе жатат. Андан кийинки орундарды Монголия менен Мьянма командалары ээлеп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты