Изделип жаткан кыргызстандык жаран Москвадан кармалды

  • 4 года мурун

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин РФдеги өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын укук коргоо органдары менен бирге кылмышка шектелип, изделип жаткан Кыргызстандын жараны кармалды.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

1984-жылы туулган Б.К. аттуу Нарын облусунун тургуну КР кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренеси, алдамчылык боюнчаизделип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.
Б.К. 2017-жылдын жазында чала тааныш кишинин ишенимине кирип, “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган.

Башында 90 күнгө автоунааны ижарага алып, андан соң сатып жиберип, өзү изин жашырып кеткен.

Жабырлануучу болжол менен 280 миң сомго чыгымга учураган.
Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча меселе каралууда.

Сүрөттө: Кармалган жаран. ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты