ИИМ министри Жунушалиев: «Саймаитиге Интерпол аркылуу издөө жарыяланган»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар депутаттардын демилгеси боюнча криминалдык кырдаалдын курчушу, анын ичинде Түркияда эл аралык издөөдө жүргөн бизнесмен Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн жана ал кылмышка катышы бар үч адамдын кармалышы жөнүндө маалыматы угулду.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев быйыл өткөн жылга салыштырмалуу кылмыш көбөйгөнүн, ал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин белгиледи.

«Бизнесмен Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өз өнөктөшүн 3,1 млн долларга алдап кеткенине байланыштуу Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында эки киши тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ыкчам издөө жыйынтыгында үч адам колго түштү. Азыр түрк полициясы ал факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — деди.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып кеткен.
Шектүү үчөө Түркиядан чыгып, Сирияга баратканда кармалган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык экени айтылды.

КР тышкы иштер министрлиги жеке ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги машина Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковго тиешелүү экендигин текшерип жатат.
Эркин Сопоков бүгүн, 12-ноябрда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдук кызматынан бошотулду.
Түрк ЖМКсы ишкер өлтүрүлгөн жерде консулдук «34 CC 2902»номери бар Range Rover машинасын видеодо көрсөттү.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты