Париж макулдашуусун ратификациялоо мыйзамына кол коюлду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» КР мыйзамына кол койду.

Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди.

Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине барган сайын жигердүү аралашып жаткандыгын белгиледи.

«Биздин өлкө эл аралык экологиялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп эсептелет. Анткени Кыргызстанга — тоолуу өлкөгө, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири курч сезилет. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына таасир этет, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын өсүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүн — экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт. Ошондуктан климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум», — деп белгиледи Президент.

Аталган мыйзам 2019-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты