​Саймаитинин өлүмү боюнча кармалган кыргызстандыктар Түркияга бир ай мурун барган

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалганы маалымдалган.

Баштапкы маалыматка ылайык, кармалгандардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык болгон. Алардын биринин паспорту жасалма болуп чыккан. Эки кыргызстандык Түркияга бир ай мурун келгени кабарланды.

Адана ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Атилла Кылыч окуянын чоо-жайы тууралуу «Азаттык» радиосуна мындай маалымат берген.

— Сириялык Али Исбех жана кыргызстандык Кусейин Акматалиев, Абдуллах Энвер кармалды. Сириялык шектүү жасалма документ колдонгон. Алар бири-бирин Сириядан таанышкан. Кыргызстандыктар бир ай мурун Стамбул шаарына келишиптир. Суракта «өлгөн адамды «мусулман эмес болчу» деген себеп менен өлтүрдүк» деп көрсөтмө беришти. Учурда шектүүлөр Адана шаарынан Стамбул шаарына жеткирилет.

Түркиянын Адана аймагы Сирия менен чектешет.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып кеткен.

Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бирок чечимдин себеби айтылган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги автоунаанын номуру Стамбул шаарындагы башкы консулдукка таандык экенин тастыктады.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты