Окуу китептерин чыгаруудагы башаламандыкка министрлик күнөөлүү

Булан институту мектептер үчүн окуу китептери эмне себептен катага толуп, сапатсыз чыгып атканын анализдеген баяндама жарыялаган болчу. Анда мындай башаламандыкка себеп болгон жагдайлар анализденет.

Дүйнөлүк банк берген каражатка 3 миллион 330 миң окуу китеби чыгарылганда башаламандык орун алышынын бир себеби министрликтин окуу китептерди чыгаруу процессин туура координациялай албагандыгы себеп болду деп айтылат баяндамада. Министрлик окуу китептерин чыгарууга шалаакы мамиле жасаган жана жаңы окуу китебин иштеп чыгууга жана чыгарууга үч-төрт жыл убакыт зарылдыгын эске алган эмес. Ошондуктан Билим берүү министрлиги окуу китептерин чыгаруу үчүн кыска мөөнөт коюп, басма үйлөрдү жана авторлорду шаштырганы сапатка түздөн түз терс таасирин тийгизген.

Министрлик “Билим- компьютер” басма үйү менен окуу китептерин жазуу, экспертиза жасоо, апробация өткөрүү өңдүү бардык жумуштарды (басып чыгаруудан башкасын) он беш ай ичинде бүтүрүү тууралуу келишимге кол койгон. Министрликтин дагы бир кемчилиги –окуу китептерин иштеп чыгууга тендерди бир жылга чейин өткөрбөй кармап жаткандыгы. 2015-жылы эки жолу тендер жарыялап, бирок окуу китептерин иштеп чыгуу укугу эч бир басма үйүнө берилген эмес. 2015-жылы биринчи тендерге “Билим -компьютер” басма үйү да катышкан, бирок уткан эмес. 2016-жылы сентябрда үчүнчү тендер өткөрүлүп, “Билим- компьютер” басма үйү утуп алган. Ошондо министрлик тендерди убагында өткөрбөгөнү үчүн ортодо бир жылдан ашык убакыт текке кеткен.

“Министрлик бул долбоордун аткарылышын тейлеген координациялык бөлүмгө окуу китептерин чыгарууну түшүнбөгөн эле адамдарды алып алган. Англис тилин билет экен, тигил экен- бул экен деп алып келип койгон балдар. Аларга окуу китептеринин сапаты эмес, каражат маселеси гана кызык болгон. Тендерди созуп үч жолу өткөрүштү. Бул ишти мен атайын эле создуктуруу деп айта алам. Алар атайын тендердин мөөнөтүн чоюп коюшат. Тигил келбей калды- бул келбей калды кылышат. Анан убакытты кыскартканда мына баланча келип калыптыр деп бере койгонго жакшы шарт. Болбосо мамлекттик деңгээлде тендер уюштуруу боюнча тажрыйбабыз жетиштүү эле да,” — дейт Сейит Жаанбаев.

Акыры, министрлик менен “Билим- компьютер” басма үйү 5-6- класстардын окуу китептерин төрт тилде (кыргыз, орус, тажик, өзбек) даярдап чыгуу тууралуу келишимге 2016-жылы 5-августта кол коюшкан. Келишимде окуу китептерди жазып чыгуу, экспертизидан жана апробациядан өткөрүп, министрликтин грифи басылган даяр окуу китеби даяр болгонго чейин 15 ай мөөнөт берилген. Демек, окуу китептери 2017-жылы 5-декабрда басууга даяр болушу керек болчу. Бул мөөнөт ичинде “Билим- компьютер” басмасы 33 наамдагы 128 китепти төрт тилде жасап чыгуу милдетин алган.

Эл аралык тажрыйба менен алып карасак, 33 наамдагы китепти жазып чыгып, кайра аны экспертизадан, андан кийин апробациядан өткөрүүгө жана бардык сунуштарды эске алып иштеп чыгууга төрт жылдан ашык убакыт керек. Он беш айда баарын бүткөрүү мүмкүн эмес. Бирок, министрлик Дүйнөлүк банктын долбоору аяктап баратканын айтып, басма үйүн шаштырып, натыйжада окуу китептерин чыгаруу процессиндеги ар бир этап шашылыш, чала-була жасалган.

“Билим- компьютер” басма үйү министрликтин койгон талаптарына ылайык, 20 күн ичинде шашылыш ар бир предмет боюнча окуу китептердин бирден гана чейрегин даяр кылган. Негизи эреже боюнча окуу китептердин толук кол жазмалары конкурска катышышы керек болчу. Бирок, министрлик шаштырган үчүн 33 наамдагы китептин бирден чейректеги кол жазмаларын (үч варианттан) даяр кылышкан. Министрлик түзгөн эксперттик комиссия ошол бир чейрек үчүн түзүлгөн материалдарды карап туруп, бирден кол жазманы тандашкан. Тилек Ороскуловдун айтымында, Табият таануу китебинен башкасынын бирден кол жазманы тандап, ошону окуу китеби кылып иштеп чыгууга сунуш кылышкан.

Андан кийин басма үйү тандалган кол жазмалардын баарын толуктап китеп кылып иштеп чыгууга төрт ай убакыт берилген.

“Бизге окуу китептерди жазып чыгууга болгону 4 ай берилди. Төрт ай ичинде 33 наамдагы китепти жазып даяр кылдык. Негизи китепти жазып чыгыш үчүн минимум бир жыл керек да. Бирок шашылыш болгондуктан 4 айда баарын даяр кылдык. Негизи келишимде 15 ай деп айтылганы менен биз реалдуу караганда 6 ай гана иштедик. 4 ай жаздык, ал эми акыркы 2 айда бүт берилген сунуштарды киргизип, кемчиликтерди оңдодук. Калган убактыбыз жалаң күтмөй менен өттү да.

“Экспертизанын жыйынтыгын берип койгулачы” деп эле артынан жүрдүк да чынында. КАОго экспертизага берип, төрт ай күттүк. Андан кийин апробацияга кетти, анын жыйынтыгын күттүк. Министрликтеги техникалык комиссияда бир жарым ай жатты. Анан аягында эки айда сунуштарды киргизип, оңдоп-түзөп, макеттерин жасаганга эптеп үлгүрдүк.

“Чала болуп калып атат, дагы 3-4 ай бергиле” десек, такыр макул болбой коюшту да. Негизи кол жазманын эң акыркы варианты даяр болгондон кийин басууга даярдаганга эле 6-8 ай жумшалышы керек болчу,”- дейт Тимур Рыскулов, “Билим-компьютер басма үйүнүн жетекчиси.

Билим берүү академиясынын эксперттери окуу китептердин кол жазмалары менен таанышып, окумуштуулар кеңешинин бүтүмүн чыгарып, анда сунуштарын жазышкан. Бирок, академиянын экспертиза бөлүмүнүн башчысы Сейит Жаанбаевдин айтымында, министрлик экспертизаны да, апробацияны да туура эмес өткөрдү.

“Апробация негизи 2017-2018-жылы сентябрда башталып, тогуз ай бою мектептерде жүрүшү керек болчу. Бирок, министрликтин бул процессти уюштура албагандыгынын натыйжасында апробация февралда араң башталып, жалпы үч ай гана жүрдү. Министр сентябрда башталат деп буйрукка кол койгон. Анан мен эксперттер менен мектептерге барып алдык да өткөрөлү деп.. Барсак министрлик апробациядан өтө турган китептерди мектепке жибербептир. Ошону менен апробация болбой калды. Ал эми каталар тууралуу бизди да күнөөлөп атышат. Менде бардык документтер менен далилдер турат. Жанагы ката кетти делген китептерге биздин айткан сунуштар кирген эмес жана кемчиликтер оңдолгон эмес. Эч кандай оңдоп-түзөтүүлөр кирбей калган. Мен муну ал кездеги министр Кудайбердиевага да айткам. Мага сөгүш берем деп чамынып калыптыр, анан барып айттым. “Сөгүш берсеңер анда мен бүт колумдагы документтерди журналисттерге берем дедим,”- дейт Сейит Жаанбаев.

“Билим- компьютер” басмасы министрлик заказ кылган бардык китептердин акыркы варианттарын 2018-жылы май жана июнь айларында даяр кылып тапшырган. Министрликтин алдындагы техникалык комиссия ар бир китепти карап чыгып кабыл алган. Ошондо жалпы 126 окуу китеби даяр болгон, анын ичинде кыргыз тилинде 36 китеп, орус тилинде 30 китеп, тажик тилинде 30 китеп жана өзбек тилинде 30 китеп.

“Ушунча китепти кыска мөөнөттө даяр кылыш абдан оор болду. Даяр болгондон кийин орусчага, тажикчеге жана өзбекчеге котортуш да абдан чоң иш болду. Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ушундай масштабдуу көп китеп чыкты да. Биз ушунчалык шыктануу менен баштап, күнү-түнү иштедик. Мен командама айткам, Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы кызмат кылып атабыз. Мамлекет эмгегибизди баалайт, сыйлык алабыз деп айткам коллективге. Чынында, “Эрдик” медалын алам го деп ойлогом. Себеби кыска мөөнөттө жасаганга мүмкүн эмес нерсени биз жасадык. Биринчи жолу ушунча китеп жазылып атканда идеалдуу болбойт экен. Биздин басма үй үчүн да чоң тажрыйба болду,” — дейт Тимур Ороскулов.

Тимур Ороскуловдун айтымында, басма үйүнүн иштерине жок дегенде кошумча 3-4 ай берилсе да мүчүлүштүктөр кетмек эмес. “Аябай шаштырышты да. Биз физикалык жактан да үлгүрбөй аттык. Бир суткада 24 саат бою тынбай иштедик. 2-3 айга мөөнөттү узартып бергиле деп сурансак, макул болушпады. Аягында Индия ж.б. чет өлкөдөгү басмаканалар оңбогондой кечиктирип, китептер эми келди го. Ошондон көрө бизге көбүрөк убакыт беришкенде не? Биз арга кеткенде География жана Табия таануу китептерин башка басма үйгө берүүгө мажбур болдук. Себеби, үлгүрбөй аттык да. Анан алар да шашып чыгарып, анан каталар толтура чыгып калбадыбы” — дейт Тимур Ороскулов.

Булан институтунун баяндамаларын институттун интернет баракчасынан окууга болот. Булан институту Женевада жана Бишкекте кеңселери бар эл аралык уюм болуп саналат.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты