Штирия — Австриянын жашыл жүрөгү

7-8-ноябрда «Австриянын жашыл жүрѳгү» аталган Штирия аймагына Орто Азиянын элчилеринин биргелешкен иш-сапары болду. Агав Кыргызстандын элчиси Б. Жунусов да барган.

Бул сапар тууралуу КР тышкы иштер министрлиги мындай маалымат берди:

— Штириянын экономика, туризм, европалык жана эл аралык мамилелер, изилдѳѳ жана илим министри Барбара Айбиннгер-Мидл, Грац шаардык кеңешчиси Курт Хоэнсиннер, Штириянын соода палатасынын директору Карл Хайнц Дерношег, Австрия технологиялык корпорациясынын директору Тино Терранео менен жолугушуу ѳткѳрүлдү.

Орто Азия ѳлкѳлѳрүнүн элчилери Грац шаарына барган биринчи күнү Австриянын жетектѳѳчү ИТ-компаниялары болгон «Bit-media E-solutions GmbH», «EEE Group» ишканаларынын штаб-квартирасына барышты.

Ишканалардын жетектѳѳчү директорлору Манфред Бранднер жана Стефан Бюсс тарабынан ишкананын Орто Азия ѳлкѳлѳрүндѳ жасаган иштери тууралуу презентация кѳрсѳтүлдү.

«EEE Group» -ѳзүнѳ 7 ишкананы камтыган, 40 жылдык тарыхы бар, 20 жылдык эл аралык тажрыйбасы бар, 20 ѳлкѳдѳ долбоорлорду жүзѳгѳ ашырган ишкана. Ишкана ѳндүргѳн продуктылар менен австриянын мамлекеттик органдары жана институттары, финансылык уюмдар (Юникредит, Райффайзен), ошондой эле эл аралык «Даймлер», «Сименс», «Рейнметалл» жана башка ѳндүрүш гиганттары

Штирияга 15600 киши көчүп барган

Сапардын экинчи күнү элчилер Andritz Group ишканасынын жетекчилери менен жолугушуп, Грац жана Вайц шаарларындагы ири ѳндүрүшү кубаттуу ишканаларды кыдырышты.

Andritz Group –энергетика сферасында, целлюлоза-кагаз ѳндүрүүдѳ, металлды кайра иштетүү жана металлургия тармагында дүйнѳлүк бирден-бир лидер болуп эсептелет. Группанын 170 жылдык тарыхы бар, 40тан ашуун ѳлкѳлѳрдѳгү 280 филиалында 29700 кызматкер эмгектенип, штаб-квратирасы Грац шаарында жайгашкан. Бул ишкананын Кыргызстанда кичи-ГЭС куруу боюнча тажрыйбасы бар.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ КРнын элчиси Б. Жусупов Кыргызстандын экономикалык дарамети жана инвестициалык климаты тууралуу маалымдады.

Ландшафт

Штириянын 16 440 км² аймагынын 58% токой каптаган. Айыл-чарбасында ашкабак, алма жана жүзүмдүн шарап сортторун ѳстүрүү чоң роль ойнойт.

Калкынын саны

Штирияда 1 240 000адам жашап, анын 280 000 Штириянын борбору Грац шаарында жашашат. Штириандыктардын бир үй бүлѳсүнѳ 1,61 бала туура келет. Жашоонун орточо узактыгы эркектер үчүн — 79,2 жаш, ал эми аялдар үчүн – 84,1 жаш.

Экономикасы

Штириянын негизги экономикасы калктын экономикалык активдүү 66,8% адамдары түзгѳн кызмат кѳрсѳтүү чѳйрѳсү болуп эсептелет. 27,8% ѳндүрүш жана соода кызматында, 5,4% — айыл-чарба жана токой чарбасында эмгектенишет. Бир гана 2017-жылы штириандыктар 6200 жаңы ишкана ачышкан.

2016-жылы Штириянын дүң продукциясы 44,283 млрд.еврону түзгѳн. НИОКРдын кѳрсѳтүүлѳрүнѳ ылайык Штирия Австриянын бардык федералдык аймактарынын алдыңкы катарында гана эмес, ошондой эле Европадагы эң мыкты аймак болуп саналат.

Иммиграция

2017-жылы 15600 адам Австриянын «Жашыл жүрѳгүнѳ» кѳчүп келишип, кѳпчүлүгү Грац шаарын тандашкан. Иммигранттардын кѳбүрѳѳк бѳлүгүн ЕС ѳлкѳлѳрүнүн, анын ичинде Румыния, Германия, Хорватия жана Венгриянын жарандары түзгѳн.

Билим

Азыркы учурда Штириянын университеттеринде жана колдонмо илим университеттеринде 60 000 студент билим алышат.

Превью сүрөт: Интернет булактарынан.

Элчилердин сүрөтү: ТИМ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты