ТИМ: Саймаитини өлтүргөн жердеги унаа номуру кыргыз консулдугуна таандык

  • 4 года мурун

Кыргызстандын тышкы ишмер министрлиги эмне себептен Стамбул шаарынын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун машинасы Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде болуп калганын түшүндүрө албаганын билдирди. Ал машинанын номуру Кыргыз консулдугуна таандык.

-Эркин Сопоков 2019-жылдын октябрь айында машинанын дипломатиялык номерлерин каттоодон алуу жана өткөрүп берүү тартибин бузуп, өзүнүн «Рейндж ровер» машинасын сатууга «Рамадан туризм» фирмасына берген.

Ал эми Сопоков машинасы эмнеге Саймаитини өлтүргөн жерде болуп калганын түшүндүрө алган жок.

Кызматын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Эркин Сопоковду кызматтан алуу боюнча тышкы иштер министрлиги Президентке сунуш киргизген — деп билдирди тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти.

Эркин Сопоков бүгүн, 12-ноябрда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдук кызматынан бошотулду.

Түрк ЖМКсы ишкер өлтүрүлгөн жерде консулдук «34 CC 2902»номери бар Range Rover машинасын видеодо көрсөттү.

Түркияда жеке ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганын түркиялык Sondakika. басылмасы билдирди

Шектүү үчөө Түркиядан чыгып, Сирияга баратканда кармалган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык экени айтылды.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып кеткен.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты