Бакиевдин атын көчөгө коюу токтому жокко чыгарылды

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлган көчө боюнча Ноокен айылдык кеңешинин токтому жокко чыгарылды.

Бул тууралуу Ноокен айылдык кеңеши ЖМКга билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөгө Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысмы берилгенин социалдык түйүндөрдо жазып чыгып, бул көрүнүш коомчулуктун сынына кабылган.

Курманбек Бакиев Кыргызстанда 2005-2010-жылдары Президент болгон. 2010-жылы күч органдарына революцияда элди атууга буйрук бергени үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. 7-апрелдеги кандуу күнү ок атуудан 87 бала каза тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты