Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги машина КР башкы консулунукубу?

  • 4 года мурун

КР тышкы иштер министрлиги жеке ишкер Айеркен Саймаити Түриядагы өлтүрүлгөн жердеги машина Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковго тиешелүү экендигин текшерип жатат.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаментинен Уланбек Дыйканбаев ЖМКга билдирди.

Түрк ЖМКсы ишкер өлтүрүлгөн жерде консулдук «34 CC 2902»номери бар Range Rover машинасын видеодо көрсөттү.

«Азаттык» радиосунун «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланган.

Окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

Анда Айеркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты