Конгантиев көчөсүн өзгөртүп, «Мурас» көчөсү деп аташты

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын «Алтын ордо» турак жай массивинде «Полиция шаарчасы» увастогунда жаңы коюлган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин атындагы көчөнүн аты өзгөртүлүп, «Мурас» деп аталды.

Жаңы коюлган көчөнүн атын өзгөртүүгө коомчулуктун нааразылыгы себепчи болгон.

Молдомуса Конгантиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда ички иштер министри кызматында турган. Ал окуяларда нааразылык акциясына чыккандардын арасынан 87 бала курман болгон.

Мурдагы министр Конгантиев «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен айыпталган, бирок сот тарабынан акталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты