​Кой-Таштагы аскер бөлүктө офицер асынып алды

  • 4 года мурун

Чүйдүн КойТаш айылындагы 73809 аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн офицер асынып алды. Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады.

Анын маалыматына караганда, окуя 10-ноябрда Кой-Таштагы кызматкерлер жашаган аскер шаарчасында болгон.

— Офицер, майор болчу. Бүгүн эртең менен ал өзү жашаган кызматтык үйдөн сөөгүн таптык. Учурда бул ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Андан тышкары биз да өзүбүз иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз, — деди Жарашева.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты