​«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини атып кетишти

  • 4 года мурун

«Азаттыктын» «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды.

Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары кабар таратышты. Окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

Анда Айеркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу боюнча кылмыш ишин козгоп, окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүлүүдө.

Булак: “Азаттык”

Сүрөт: Интетнет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты