​Ноокенде Курманбек Бакиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды

  • 4 года мурун

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөгө Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысмы берилди.

Интернетте Бакиевдин сүрөтү тартылып «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деген такта жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылды.

Курманбек Бакиев Кыргызстанда 2005-2010-жылдары Президент болгон. Ал 2010-жылы күч органдарына революцияда элди атууга буйрук бергени үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. 7-апрелдеги кандуу күнү ок атуудан 87 бала каза тапкан.

Бакиев бүгункү күндө Беларуссияда баш паанек тапкан.

Буга чейин Бишкектин бир көчөсүнө Молдомуса Конгантиевдин аты ыйгарылган. Конгантиев 2010-жылы 7-апрелде ок атылган учурда ички иштер министри болуп турган.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарыларын «Азаттык» радиосуна билдирди.




Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты