«Антошка» ашканасынын ижарачысы кармалды

  • 4 года мурун

Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы бир адамдын өмүрүн алган жарылууга байланыштуу ашкананын ижарачысы кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, кырсык Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтенип жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө «Антошка» ашканасынын 56 жаштагы ижарачысы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш чегинде иликтөө иштери улантылып жатат, бардык зарыл болгон соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

8-ноябрда, түштөн оогондо Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, бир адам ошол жерде мерт болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги андан тышкары жарылуудан жараат алгандардын алтоо Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, бирөө Балдардын Бишкек шаардык «Тез жардам» ооруканасында дарыланып жатканын кабарлады.

Кырсыктан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга жарылуунун себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 м2 түзгөнүн, өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты