Францияга сапарда эл аралык укук коргоочулар Рахмонду өлкөдө куугунтукту токтотууга үндөп, Макронго кайрылды

  • 4 года мурун

«Хьюман Райтс Вотч» жана «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык укук коргоо уюмдары тажик президенти Эмомали Рахмондун Францияга жасай турган сапарынын алдында француз президентине кайрылуу жолдошту.

Алар Эммануэль Макронду Тажикстандагы башкача ой жүгүрткөндөрдү кысымга алуу, кыйноо, сөз эркиндигин чектөө жана абактагылардын сырдуу өлүмүнө көңүл бурууга чакырды.

Тажик президенти Парижге 7-ноябрда барган. 8-ноябрда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолукту. Андан кийин 11-13-ноябрда Парижде өтө турган Тынчтык форумуна катышат. Тажик оппозициячылары Рахмондун Франциядагы сапары учурунда митинг өткөрүүнү пландашууда.

«Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюму Макронго кат жолдоп, саясий туткундарды, анын ичинде белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровду бошотуу чакырыгы менен Рахмонго кайрылууну сурады.

«Хьюман Райтс Вотч» уюмунун маалыматына караганда, 2015-жылы «Ислам кайра жаралуу партиясы» диний уюм катары жарыялангандан кийин Тажикстанда 150дөн ашуун киши саясий себептерден улам соттолгон. Көптөгөн оппозиционерлер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларын тажик лидери менен бул мамлекеттеги сөз эркиндигинин абалын талкуулоого чакырды. 2016-жылы кеминде 20 журналист жана блогер Тажикстандан чыгып, АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн баш паанек сурашкан.

«Чек арасыз кабарчылардын» сөз эркиндигинин абал боюнча рейтингинде Тажикстан 180 өлкөнүн ичинен 161 орунга жайгашкан. Бир жыл мурун эле өлкөнүн көрсөткүчү 12 баскычка жогору болгон.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты