​Жаратылышты сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан адамдар

Планетадагы жаратылышты сактап калуу үчүн кээ бир адамдар ыңгайлуулуктардан баш тартып, үй-бүлөсү менен токойдо, калың токойдо жашоону тандашкан. Алар арстандарга тамак берип, аңчылардан жапайы жаныбарларды куткарышат.

Сергей Пажетнов атасы менен чогуу аюуларды сактап калуу үчүн дүйнөдө мыкты деп таанылган калыбына келтирүүчү системаны түзгөн.

Ал жубайы менен чогуу үч баласын өстүрүү менен бирге, мергенчилердин айынан жалгыз калган 200дөй мамалакты багып чоңойтушкан. Сергей мамалактар менен мамилесин чектөөгө алып турат: “парфюм колдонууга болбойт, ачык түстөгү кийимдерди кийүүгө болбойт, дайыма колкап кийүү керек”,- дейт ал.

Мамалактарды сүттөн, белоктон турган азыктар менен тамактандырууга аракет кылышат. Чоңоюп калган мамалактар токойго кетип, өз алдынча жашоону үйрөнүшөт. Ай сайын мамалактарды камсыздоого миллион рубль каржыланат. Ал эми аюулар үчүн түзүлгөн бул башпаанек дүйнөдө мыкты деп таанылган.

Арстандарды сатууга жол бербей, корукту банкроттуктан сактап калган

Энди Райв майрамдык иш- чараларды уюштуруу тармагында иштеп келген. 2011-жылы жумушунан баш тартып, үч баласы менен курбусунун атасына жардам берүүнү чечкен. Курбусунун атасы оорусуна байланыштуу арстан коругун карай албай калган.

Кредиторлор ал жерди бир нече жолу сатууга аркет кылышкан. Жыйынтыгында Энди корукту куткарып калуунун жолун тапкан. Ал тууралуу тартылган The Lion Queen сериалында арстандарга кантип кам көргөндөрү, мергенчилерден сактап калгандары, корук үчүн күрөшкөнү көрсөтүлгөн.

Ал Love Lions Alive программасы аркылуу өлтүрүп сатканга караганда, тирүү арстандардан пайда көбүрөөк түшөрүн далилдеп берген.

100 дөн ашык жапайы карышкырды баккан

Зоолог Вернер Фройнд 10 жылдан ашык карышкырды изилдеген. Жубайы менен чогуу баш паанек куруп, 100дөй карышкырга кам көрүшкөн. Жыйырманчы кылымдын башында Германиянын аймагындагы жапайы карышкырлар дээрлик жок болуп кеткен. Вернердин башпаанеги карышкырлар байырлай алган жалгыз жер болчу. Вернер Фрой карышкырларга жакындоо үчүн, чийки этти тишине тиштеп бергенди, улуганды үйрөнгөн.

Кевин жаныбарлар менен бир тилде сүйлөшө алат


Кевин Ричардсон досуна арстандар менен сүйлөшө ала турган бир тилди иштеп чыгууга жардам берип, ошол аркылуу дүйнөгө белгилүү болгон.

Учурда ал жарымы жапайы мышыктар, арстандар, чөөлөр жашаган парк-корукка ээлик кылат. Ал эми жарымында зебра, жираф, антилопа өңдүү жаныбарлар жашайт. Кевин жапайы жаныбарлардын да сезимдери бар экенин көргөзүү үчүн даректүү тасмаларды тартат.

Үйүн жаныбарлар үчүн баш паанекке айланткан актриса

​Жаратылышты сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан адамдар

Актриса Шарлиз Терондун балалыгы ата-энесинин фермасында өткөн. Бул фактор актрисанын жапайы жаныбарлардын укугун коргоо үчүн күрөшүүсүнө түрткү болгон.

Шарлиз итти аябай жакшы көргөндүктөн, көчөдө кароосуз калган иттерди үйүнө алып келип, кам көрүп турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты