​Кыргызстан ЕАЭБден автоунаанын бажы алымдарынын баасын сактап турууну суранат

  • 4 года мурун

Кыргыз өкмөтү 19-ноябрда Москва өтө турган Евразия Экономикалык комиссиясынын жыйынында үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат.

Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарынsy бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган.

Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты