​Кыргызстан-Өзбекстан чектешкен аймакта жер титиреди

  • 4 года мурун

6-ноябрда саат 21:56да Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Сейсмология институтунун маалыматына таянып, бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Сай, Беш-Таш айылдарында 4 балл, Терек-Сай, Бузук, Кызыл-Токой, Ак-Машат айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты