​Жеке ветеринарлар каттоого алынууда

  • 4 года мурун

Ушул жылдан тартып жеке ветеринарларды КР ветеринар палатасынынын бирдиктүү реестрине каттоо башталды.

Бүгүнкү күнү 873 жеке ветеринар каттоодон өттү. Алдын-ала маалыматта 2000 чамалуу жеке ветеринар катталат деген маалымат бар.

Соңку кездеги мыйзам өзгөртүүлөрүндө жеке ветеринарларга бир катар функциялар кошулган, анын ичинде эт азыктарына сертификат берүү, малдын ылаңын текшерүү, мониторинг жасоо ж.б..

Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты