​Жээнбеков: «Усубалиев ХХ кылымдагы ири мамлекеттик жетекчи катары тарыхта калат»

Бүгүн, 6-ноябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленди.

Иш-чарада Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин басып өткөн жолуна кеңири токтолду. Ал мезгилге Жээнбеков «Алытн доор» катары баа берди.

Алтын доор

— Турдакун Усубалиевич өлкөнү башкарган 1961-1985–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, „алтын доор“ болду.

Аталган мезгилде республикабызда өнөр жай тармагы калыптанды, гидроэлектростанциялар, заводдор, фабрикалар, жеӊил өнөр жай ишканалары курулду.

Жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң — Токтогул ГЭСи, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай, Үч-Коргон ГЭСтери пайдаланууга берилди.

Республиканын территориялык бүтүндүгүнө таасири чоң — Ош-Фрунзе жолунун курулушу аяктады.

Жамбыл–Талас-Суусамыр, Ош-Сарыташ-Карамык жолдору курулду.

Ошол жылдары „Манас“ эл аралык аэропорту, „Ала-Тоо“ аянты, Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Орус драма театры, Өкмөт үйү, Илимдер академиясы, Борбордук китепкана, Тарых музейи, Борбордук цирк, коопсуздук жана коргонуу органдарынын имараттары курулуп, ишке киргизилгенин билебиз.

Ошол кезде бир нече кичи райондор курулуп, жүз миӊдеген квартиралар пайдаланууга берилген.

Турдакун Усубалиевичтин эмгегине ыраазы болгон Чынгыз Айтматов, аны — борбор калаабыздын „башкы архитектору“ деп атаган.

Жалпы республиканын аймагында ооруканалар, маданий эс алуу, жогорку окуу жайлар, социалдык объектилер курулган.

Бардык облустардын жана райондордун борборлорундагы административдик имараттар ошол мезгилде курулуп, ишке берилген.

Айыл чарбасы механизацияланды

Аталган жылдары жогору механизацияланган айыл чарбасы калыптанды.

Жаңы жерлер өздөштүрүлдү. 300 миң гектардан ашык жерге суу жеткирилип, дыйканчылык абдан жакшы темп менен өнүктү.

Мал чарбасы өстү.

Ири эт комбинаттары, сүт заводдору ишке кирип, кайра иштетүү өнөр жайы дүркүрөп өнүктү.

Маданият өнүктү

Усубалиевдин тушунда, элибиздин маданий өнүгүүсү абдан бийик болгон. „Социалисттик Эмгектин Баатыры“ жана „СССРдин эл артисти“ деген наамга ээ болгон маданият кызматкерлеринин саны боюнча — республикабыз СССРде үчүнчү орунда турган.

«Кыргыз киносунун керемети» эл аралык чөйрөдө таанылган.

Улуттук интеллигенциянын саны көбөйгөн, илим-билим өнүгүп, республикабыз жалпы союздук космосту изилдөө, коргонуу жана машина куруу долбоорлоруна катышкан.

80-жылдары Кыргызстан дүйнөнүн 53 мамлекетине ар кандай өнөр жай продукциясын экспорттоп турганын айтсак болот.

Өлкөнү кооптуу долбоорлордон сактап калган

-Турдакун Усубалиевич — Кыргызстанды ар түрдүү кооптуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттеринен сактап калган.

Ал Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына бурабыз деген коогалаңдуу долбоордон жана Чаткал дарыясына суу сактагыч куруп, ал территорияны сууга бастыра турган коркунучтан сактап калганын улуу муун жакшы билет.

Чүйдө кара куурайды, Ысык-Көлдө апийимди өстүрүүнү токтотуу үчүн Союздун деӊгээлинде кайра–кайра маселе коюп жүрүп, элибиздин генофондуна зыян келтирчү чоӊ кырсыктан сактап калган.

Партияга берилген ишмер

-Ал 1943-жылы партиялык мектепке жөнөтүлүп, эки жыл окугандан кийин, 1955-жылга чейин — он жыл бою КПСС Борбордук Комитетинин аппаратында иштеген.

Турдакун Усубалиевич — партияга берилген ишмер болду, ага чын дилинен, ак кызматын өтөдү.

Партиядан аны адилетсиз чыгарып коюшканда, ага жалпы элдин колдоосу дем-күч берди, адилеттик кайра келээрине болгон ишеними аны чыйралтты.

Парламентаризмди өнүктүрүүгө салым кошту

-Ал 1995-жылдан тартып эки жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына шайланып, эгемен мамлекетибиздин тарыхындагы эӊ маанилүү чечимдердин кабыл алынышына себепкер болду.

Эли үчүн жашап өттү

— Анын өмүрү, мамлекеттик ишмердиги — элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калды.

Турдакун Усубалиевичтин өткөн жолуна саресеп салып, айтаар элем: ал эң кыйын учурларда, тоталитардык система күчүндө турган кезде — кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору коюп, аны коргоп калууга бүткүл күч-аракетин жумшады.

Усубалиев өзү курган Күрпсай ГЭСине анын аты берилди.

Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн Өкмөт үйүнүн алдындагы эски Аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак — туура иш болот деп ойлойм.

Улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы эӊ ири мамлекеттик жана саясий жетекчилердин бири катары тарыхта калат, -деди баяндамасында Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты