​Бишкек мэриясы аймактык чегин али тактай элек

  • 4 года мурун

Бишкек мэриясы административдик-аймактык чегин али тактай элек.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги жыйынында айтты.

«Бишкек мэриясы борбор калаанын административдик-аймактык чегин алигиче тактай элек. Эгерде жалпы республика боюнча аты бериле элек көчөлөрдүн үлүшү 0,9 пайызды, номери жок үйлөр (батирлер) 3,6 пайызды түзсө, Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүчтөр 11,7 жана 30,8 пайыз болуп саналат» деп белгиледи Боронов.

Статистикалык комитеттин адистери тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлдү.

Толукталып иштелип чыккан соң бул тиркеме Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында кошумча тестирлөөдөн өттү.

Калкты жана турак жай фондун кезектеги каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтөт.

Республиканын калкын каттоо уюлдук байланыш технологияларын пайдалануу менен өтөөрү пландалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты