Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады

  • 4 года мурун

4-ноябрда Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Белгилүү журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Кесипкөй жана жароокер кесиптешибизден ажырадык.

Чынара Токонова кыргыз журналистикасында 20 жыл эмгектенген. Бир катар теле жана радио маалымат каражаттарында, ошондой эле медиа багытындагы долбоорлордо иш алып барды.

Чынара Токонова 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында туулган. Эмгек жолун Кыргыз телерадио корпорациясында «Жаш толкун» берүүсүндө баштаган.

Кыргыз радиосунун жаңылыктар бөлүмүндө бир нече жыл иштеп, андан кийин КТРКда дубандардагы саясий жана экономикалык жаңылыктарды камтыган автордук берүүсүн алып барды.

2006 — 2008-жылдары «Интерньюс» эл аралык уюмунун “Мейкин Азия” медиа долбоорунда иштеген. 2009-жылдан баштап “Доор Медиа” долбоорунда кесиптик жолун улантып, “Сынак” программасын алып барган.

Андан кийин бир нече жыл НТС телеканалында, «Санжыра» радиосунда иштеди. Соңку жылдары “Ала Тоо 24” телеканалында, Булан институтунда иштеп, “Бешинчи канал” телеканалында “Бешинчи элемент” автордук программасынын алып баруучусу болгон.

Чынара Токонова кыргыз журналистикасына принципиалдуу, кесипкөй, таза жана чынчыл журналист катары из калтырды. Кесиптештеринин эсинде адамгерчиликтүү, жароокер, мыкты инсан катары калат.

Кыргыз журналистика коомчулугу Чынаранын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Шайлообек Дүйшеев, Бейшенбек Мамбетакунов, Бейшенбек Бекешов, Авланбек Жумабаев, Азамат Тынаев, Бейшенбек Калыков, Макен Чекиров, Жедигер Саалаев, Бүбүкан Досалиева, Бурулкан Сарыгулова, Тамара Валиева, Чолпон Орозобекова, Бермет Маткеримова, Бегим Турдалиева, Нурия Иманкулова, Гулзада Медералиева, Айгүл Токоева, Толгонай Стамалиева, Нургул Максутова, Рахат Кеңешова, Аскер Сакыбаева, Жылдыз Мусабекова, Дүйшөк Мамбетөмүров, Кубат Оторбаев, Азамат Касыбеков, Жеңишбек Эдигеев, Назгүл Калмамбетова, Элмира Мадиева, Назира Ахмедова, Алтынай Арстанбекова, Көкүл Арипова, Болот Темиров, Наргиза Иманкулова, Гүлмира Тыналиева, Азамат Кыязов, Гүлзада Шаршеналиева, Назгүл Бегалиева, Аслан Сартпаев, Мамат Сабыров, Жамиля Нурманбетова, Сурат Жылкычиев, Рахат Сулайманов, Каныкей Жунусова, Эрнис Асек уулу, Бөлөкбай Шеримбеков, Семетей Талас уулу, Төлөгөн Сулайманов, Кубаныч Зайнидинов, Тынчтык Алтымышев, Болот Абдыжапаров, Улук Кутманбаев, Майрамбек Тойгонбаев, Абдыбек Казиев, Ардак Каныбек уулу, Бакыт Асанов, Айгүл Бакеева, Дилбар Алимова, Токтосун Шамбетов, Жакшылык Бердибек уулу, Марат Тагаев, Жээнбек Сагыналиев, Расул Мурат, Бахтияр Бердибеков, Сыргак Бахтияров, Миржан Балыбаев, Айдай Ивакова, Элизат Садыралиева, Сурма Шаршенбаева, Элнура Бекбасарова, Акмарал Борукеева, Нурзада Сыдыкбекова, Алтынбек Бедилов, Елена Яковлева, Рахат Жаныбекова, Эрмек Аттокуров, Кайыр Жайлообекова, Айбек Бийбосунов, Дастан Жолдошев, Болот Исаев, Игорь Потанин, Каныбек Асанкарыев, Азият Жекшеев, Эрнис Байсалбеков, Гүлжан Алтымышбаева, Каныкей Бозгунова, Алмагүл Турдалиева, Екатерина Ступкина, Анастасия Соболева, Назира Кадыева, Айнура Кабатай кызы, Мирзат Муканов, Айжан Казакбаева, Елена Кобзева, Жолдош Исаков, Таалай Борукеев, Ислам Жолдошев, Үмүт Мукамбетова, Кыялбек Тойчиев, Гүлшат Ысамаматова, Кошой Кыргызбай уулу, Раиса Дүйшөнбекова, Нарынкүл Назаралиева, Дыйканбек Керимбаев, Эрнис Балбаков, Мырзакат Тыналиев, Кыял Шаршеева, Нурбүбү Бөдөшова, Аида Надырбекова, Нурия Кийизбаева, Чолпон Кийизбаева, Зарема Мусаева, Марс Тулегенов, Марат Токоев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты