Казакстан Интернет эркиндиги начар өлкөлөр катарына кирди

  • 4 года мурун

Freedom House эл аралык уюму дүйнөдөгү Интернет эркиндиги боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады.

Казакстан бул рейтингде кайрадан “Интернети эркин эмес” өлкөлөрдүн катарынан орун алды.

Иликтөөдө мобилдик түйүндөр, интернет-ресурстар жапырт бөгөттөлүп жатканы жана социалдык түйүндөргө, мессенжерлерге, маалымат сайттарына чектөө киргизилгени айтылат.

Интернеттеги эркиндиктин төмөндөшүнө мобилдик байланыш рыногундагы өкмөттүк монополия да себеп болууда.

Баяндамада Казакстанда социалдык түйүндөрдөгү пост үчүн айрым жарандар түрмөгө камалып жатканы да белгиленген.

Иликтөөгө ылайык, 65 өлкөнүн 33үндө Интернет эркиндигинин абалы начарлаган. Казакстан 32 балл менен Судан, Бразилия, Бангладеш жана Зимбабве өлкөлөрү менен катарлаш жайгашкан.

2011-жылдагы алгачкы иликтөөлөрдө Казакстан “Интернети жарым жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарында болгон. 2015-жылдан бери бул багыттагы көрсөткүч төмөндөөдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты