​Карамушкина: «Атамбаев камактагы тарапташтарына кабатырланууда»

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Альфия Самигуллина камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.

Карамушкина Атамбаев менен 4-ноябрда жолугушканын фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эл өкүлү Атамбаевдин абакта китеп окуп, спорт залга барып жатканын жазган.

Карамушкинанын жазганына караганда, Атамбаев №1 тергөө абагында жаткан тарапташтарына кабатыр болуп, «укук коргоо органдары эгерде өзүнүн күнөөсүн далилдей алса отурууга даяр экенин, бирок балдарды коё бериши зарылдыгын, алар экс-президентти мыйзамсыздыктан гана коргошконун» айткан.

Ошондой эле Ирина Карамушкина Атамбаев «Жээнбековдорду кечирүүгө даярмын» дегендей ойду айтканын жазды.

Ирина Карамушкина — 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Мурдагы президент Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты