Депутат Азизбек Турсунбаев журналистке «Барчы ары» деп жооп берүүдөн баш тарткан (Видео)

«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Азизбек Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналистине «Барчы ары дейм» деп, суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Журналист Айзирек Иманалиева депутат Азиз Турсунбаевден «Сиз парктан мыйзамсыз жер алыптырсыз. Бул тууралуу эмне айтаар элеңиз?» деп суроо узатканда, депутат жооп берүүнүн ордуна, «Барчы, ары дейм» («Иди отсюда, говорю”) деп жооп бербей койгон.

Аталган басылма октябрь айында Ата түрк паркынын мыйзамсыз жер алган ишкерлер жана аткаминерлер тууралуу иликтөө жасаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты