​Президент Усубалиевдин небереси менен жолугушту

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган 100 жылдык мааракесинн арналган салтанаттуу иш-чаралар тууралуу сөз болду.

Эрмек Усубалиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча демилге жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

ЖаңылыктарКыргызстанТурдакун Усубалиев100 жылдык