ЖАМК: Жоокер токко урунуп каза тапты
- 4 года мурун
Жаза аткаруу кызматынын күзөт жана конвой департаментинде, Новопокровкадагы № 3 абак жайында кызмат өтөгөн 20 жашар жоокер токко урунуп каза тапты.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Окуя 4-ноябрь күнү саат 16. 40 тарда болгон. Токко урунган аскерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды» — деп айтылат маалыматта.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяны аскер прокуратурасы иликтөөгө алды.
2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө жоокер Руслан Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунган.
Муну бөлүшүү