​Улуттук банк коллекциялык күмүш жана жез-никель тыйындарын чыгарды

  • 4 года мурун

Улуттук банк 5-ноябрдан тартып «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы», «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» күмүш коллекциялык монеталарын жана ошондой эле «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык жезникель монетасын жүгүртүүгө чыгарат.

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.

Күмүш монетанын сатуу баасы-2650 сом;

жез-никель монета-380 сом.

Улуттук банктын басма сөз кызматы бул тууралуу билдирди.

Сүрөттөр: Улуттук банктын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты