​“Торугарт” көзөмөл-өткөрмө жайы жаңыланды

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картаны» жүзөгө ашыруунун алкагында Россия тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга 120 млн АКШ долларын бөлгөн.

Премьер-министр «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайындагы бажы жана чек ара кызматтарынын иши менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

2014-жылдын январь айынан бери товарды декларациялоо электрондук ыкма менен гана жүргүзүлүүдө.

Учурда ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосунда бажы транзитин көзөмөлдөө, мүчө-өлкөлөрдүн аймагынан товарларды чыгарып кетүүнү ырастоо, транспорт каражаттарын убактылуу алып келүү/ташып келүүнү каттоо жана көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуу ишке ашырылууда.

14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган.

5-ноябрда «Эркештам» өткөрмө жайынын ачылышы болот.

Сүрөт: өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты