Айыл чарба кооперативдери боюнча окуу борбору ачылды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 4-ноябрда, Скрябин атындагы улуттук агрардык университетте Кыргызстандагы кооперативдер боюнча алгачкы окутуу борбору ачылат.

Борбор вйыл-чарба тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги менен бирге Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги тарабынан ачылды.
Анда видеоконференция өткөрүүгө шарты бар окутуу залы административдик бөлмө ремонттон өткөрүлүп, керектүү жабдыктар алынды.
Кооперативдер боюнча адистерге окутуу 4-ноябрдан башталып, 12-ноябрга чейин уланмакчы. Семинарды Түркиянын айыл-чарба министрлигинен адистер Мехмет Али Коркмаз, Месут Гөлбашы жана К.И. Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин мугалимдери тарабынан өткөрүлмөкчү.
Окутуу борборунун ачылышына КР айыл-чарба тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Түркия Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Али Муслу жана ж.б. өкүлдөр катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты