Айтматова: «Үмүт 2020″ кыймылы саясатчыларга эмес, карапайым элге арналган»

  • 4 года мурун

«Үмүт 2020 кыймылы Бишкекте кеңсесин ачты.

Буга чейин белгилүү болгон «Үмүт 2020» кыймылы расмий түрдө Бишкекте кеңсесин ачып, коомчулукту коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө үндөдү.

Алардын негизги максаты – парламенттеги депутаттардын коомго жат иштерин ачып, элди 2020-жылдагы шайлоодо таза депутаттарды тандоого чакыруу. Бул кыймылдын түзүүчүсү — парламенттин мурдагы депутаты — Ширин Айтматова.

Айтматова буга чейин айрым саясатчылар жана депутаттар жөнүндө иликтөөсүн жарыялаган.

“Үмүт 2020-аткаминерлер менен саясатчыларга эмес, биринчи кезекте элге арналган, Биздин ишенимибизди актабаган адамдарды шайлабаш керек” деп кайрылуу менен, элге арналып ачылды.Биздин ишибиз саясатчыларды туура кабыл алганга таасир этэт дей ойлойм. Таза жана билимдүү адамдарды колдойт деп ишенем!” деди Ширин Айтматова кыймылдын ачылыш аземинде.

Укук коргоосу Рита Карасартова ушундай кыймылдар оздөру бийликке келбесе дагы, бийликти оңолууга үндөйт деген пикирин билдирди.

“Ушундай күчтөр өздөрү парламентке, бийликке келбесе дагы, бийликти оңдогон. Ушул кыймылдан бышкан идеялар элди өстүртүп, идеялар өзгөрүугө алып барат” дейт.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты