​ШКУ өкмөт башчылар жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

  • 4 года мурун

Ташкент шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюлду.

Анын ичинде:

1. ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы транспорттук ташууларды интеграциялык башкаруу тутумун түзүү жөнүндө алкактык келишим;

2. ШКУга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосундагы улуттук транзиттик тутумду өз ара интеграциялоо жөнүндө меморандум;

3. ШКУ жана БУУ азык-түлүк жана айыл чарба коопсуздугу уюмунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

4. ШКУ Катчылыгынын жана БУУ Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум ж.б.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Ташкент шаарында болду.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. 2001-жылы 15-июнда Шанхайда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан негизделген.

Учурда 8 өлкө ШКУга мүчө, алар – Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты