​Кара-Көлдө судья менен ИИБ башчы орун басары пара менен кармалды

  • 4 года мурун

ИИМ ички иликтөө кызматына 1-октябрда И.Ф. кайрылган. Анда Кара-Көл шаарынын ички иштер кызматкери шаардык соттун судьясы Ы.П. менен бирге ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Б.М. кылмыш ишинде оң өкүм чыгаруу үчүн жүз миң сом пара талап кылганы айтылган.

Мындан тышкары эркиндигинен ажыратпаган бөгөт чарасы каралышы үчүн сот органдарына 30 миң сом пара суралган.

Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, опузалап пара алуу боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

30-октябрда Кара-Көл шаарында 20 миң сом алып жатканда Кара-Көл шаардык соту Ы.П. жанаи Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Б.М. кармалган.

УКМК башкы тергөө башкармалыгы тергөө жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты