​Сейит Атамбаев ишканасын тартып алгысы келгендер боюнча бизнес акыйкатчыга кайрылды

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Мындай аракетти ал Атамбаевдин уулу болгону үчүн саясий куугунтук деп баалап жатат.

Өз кайрылуусунда ишкер: «Биздин компания ири ишканаларга электр энергиясын ташып келүү менен гана алектенет. Эч убакта тендерге катышкан эмес, мамлекеттик иштерге аралашпай, саясий партияларды, кыймылдарды же талапкерлерди каржылаган эмес» деп билдирди.

Сейит Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков күч органдарына «ишкерлерге бут тосууну токтотуш керек» деген талап койгону менен иш жүзүндө тескери саясат жүрүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн Сейит Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» ишканасын тинтишти. Кеңсеге барган эки адам өзүн Аскер прокуратурасынын кызматкери деп тааныштырды.

Сейит Атамбаевдин айтымында, ал «Автомаш-энерго» ишканасын атасы президент болгонго чейинки 2003-жылдан бери өз алдынча башкарат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

Быйыл парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Ал 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошонушу үчүн соттолууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты