Токой чарбасына көп сандагы техника тапшырылды

  • 4 года мурун

13 пилоттук токой чарбасына 27 даана атайын техника жана 102 жабдуу тапшырылды. Техниканы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 31-октябрда тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Токой чарбаларга өрт өчүрүү жабдуулары менен токой чарба техникаларынын 13 чакан комплекси, дөңгөлөктүү 4 трактор жана асма жабдуулар (соко, культиватор, чуңкур каза турган техника, чиркегич, кыргы, чачкыч, көчөт отургузуу үчүн соко), дөңгөлөктүү 10 кичи-трактор жабдуулары менен (чиркегич жана соко) берилди.

Токой чарбасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө үчүн заманбап техника жана жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын токой чарба экотутумун интеграциялык башкаруу» долбоорунун каражаттарынын эсебинен алынган.

Көп жылдардан бери токой чарбаларына көп сандагы мындай атайын техника бери элек болчу. Долбоордун алкагында сатып алынган техникалардын жалпы баасы 69 969 100 сомду түздү.

Буга чейин пилоттук токой чарбаларына 2 301 000 сом суммасына соколуу 13 мотоблок жана 130 Колесов кылычы берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты