​Эртең Бишкекте жылуулук бериле баштайт

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эртең, 1-ноябрдан баштап, борбордо жылуулук берүүнү баштоо боюнча буйрукка кол койду.

Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү Бишкек мэриясы 617 турак үйдү коммуналдык ишканалар аркылуу жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт. Абоненттердин жалпы саны 34 миң 553 киши.

Ошондой эле саламаттык сактоонун 12 мекемесин, 40 мектеп, 14 балдар бакчасы, 8 ЖОЖ, 25 бюджеттик уюм ж.б. 212 ар кыл керектөөчүнү тейлейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты