​Кыргыз-тажик чек арасы: футбол аркылуу — достукка

Кыргызстандын Баткен областынын Самаркандек айылында Кыргызстандын жана Тажикстандын жаштарынын футбол командаларынын арасында футбол мелдеши болуп өттү.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia маалымат-аналитикалык порталында жарык көргөн.


​Кыргыз-тажик чек арасы: футбол аркылуу - достукка

Кыргызстандын Самаркандек айылы Тажикстандын Ворух анклавынын Чорку айылынан болгону жүз метр ары жайгашкан. Жергиликтүү калктын үйлөрү менен короолору эки тарабынан чек арага жакын турат, бирок мындай коңшулук дайыма эле тынч боло бербейт.

18-октябрда ал жерде “теп”, “жет” “жүгүр” деген кыйкырык угулуп турду. Бирок бул кезектеги чек ара боюндагы жаңжал эмес, Кыргызстан жана Тажикстан жаштарынын футбол оюну учурундагы кыйкырык эле.

Photo: CABAR.asia

Спорттук оюндарда кыргызстандык тараптан Баткен областынын Актатыр, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарынын тургундары катышты, ал эми тажик тараптан Исфара районунун Чорку, Ворух жана Сурх жаштар жамааттары катышты.

Мухаматжон Сохибов. Photo: CABAR.asia

Мухаматжон Сохибов Тажикстандагы Сурх жамаатынын №29 мектебинин мугалими совет мезгилинде чек ара жок эле, кыргыз жана тажик жаштары бир мектепте ынтымактуу окуп келишкенин эскерди.

“Мурда биз кыргыз балдар менен бир мектепте окуп жана спорттук оюндарды да өткөрчү элек. Дос болуп, ынтымакта жашачу элек, кыргыздардын арасында менин досторум көп. Бирок чек арадагы жаңжалдан улам биздин мамилебиз өзгөрүп калды. Бүгүнкү футбол сыяктуу оюндар биздин достук мамилебизди кайра жандандырат деп ишенем”, -деди Сохибов.

Мунарбек Абдиманнап уулу. Photo: CABAR.asia

Мунарбек Абдиманнап уулу, кыргыздын Актатыр айылынан келген, тажик оюнчулары менен бир командада ойноду. Командаларды кайсы өлкөг өкараштуулугу боюнча эмес бөлүштүрүү атайын, Кыргызстан жана Тажикстан командалары бир командада ийиндеш болуп ойноп, ынтымакташып кетүү үчүн жасалганын айтты.

“Чынын айтканда, мен башында кыргыз, тажик болуп бөлүнүп ойносок, чыр чыгып кетиши мүмкүн деп ойлогом. Бирок бизди командаларга аралаштырып бөлүп коюшту. Ошентип, биз жакшы ойнодук, топту бири-бирибизди көздөй берип” деп Абдиманнап уулу өз ойлору менен бөлуштү.

Чек арадагы жаңжалдар

Кыргызстандын мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 12 жаңжал болду. Акыркысы- 16-сентябрда Баткен областынын Лейлек районунун Максат айылында болду. Маалымдалгандай, окуя такталбаган чек арада курулуш иштерин жүргүзүүдөн башталган.

Кыргызстан жана Тажикстандын биргелешкен чек арасынын узундугу 976 километр. 472 км расмий тактала элек, бул жашоочулар арасында көп учурда түшүнбөстүккө алып келет.

2019-жылдын 4-апрелинен 6-апрелине чейин Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрүшкөн. Ал эми 13-мартта Ак-Сай жана Ворух айылдарында Кыргызстан тарабынан Аксай-Тамдык айланма жолун салууну жандандыруудан улам куралдуу жаңжал чыккан, аталган жол тажикстандык Ворух эксклавын айланып өтүп, кыргыз айылдарын область борбору Баткен менен байланыштырмак.

Ушул жылдын 22-июлунда Ак-Сай айылына жакын Төрт-Көчө аттуу жерде Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. КР мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, чырдын себеби тажиктин Ворух айылында флагшток орнотулушу болгон. Ошентип, алар президент Эмомали Рахмондун келишине даярдык көрүп жатышкан. Рахмон болсо Исфарада Сооронбай Жээнбеков менен жолугушмак болчу.

Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибрагимовдун айтымында, Кыргызстандын Баткен райондук акимчилигинин жана Тажикстандын Исфара райадминистрациясынын өкүлдөрү чек ара райондорунун жаштарынын достугун бекемдөө жана жаңжал чыгып кетишининин алдын-алыш үчүн спорттук оюндардын жардамы менен жумушчу топ түзүштү. Бул жумушчу топ чек арада чыккан бардык талаш, чыр боюнча иликтөө жана анын кесепетин жоюу боюнча милдет алат.

“Ушул жылдын октябрь айында Баткен районунун акими Исфара районунун акими менен жолугушту. Ал жолугушуунун жүрүшүндө чек ара чырларынын алдын-алуу максатында эки тараптын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун тапшырмасы белгиленген. Андай тапшырмалардын бири Баткен жана Исфара райондорунун ортосунда маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды өткөрүү тапшырмасы берилген”, -деп айтты Ибрагимов.

Анын айтуусу боюнча, бул жылдын башынан бери кыргыз жана тажик тараптардын биргелешкен аракети менен Нооруз майрамы, Жеңиш майрамы, Эгемендик майрамы жана футболдук эки оюн өткөрүлдү.

“Маданий-массалык иш-чара өткөрүү жемишин берип жатат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу жаңжалдардын саны байкаларлык азайды. Эгер биз 4-5 жыл мурун жыл ичинде 40 тан ашык араздашууну каттасак, бул жылы 10 араздашуу болду” деп белгиледи Ибрагимов.

Шухурулло Насириев. Photo: CABAR.asia

Чорку жамаатынын (Тажикстан) тургуну Шухурулло Насириев футбол оюнун көргөнү атайын Самаркандекке келген. Ал эки өлкөнүн жаштары катышкан мындай спорттук оюндар эл арасында достук мамилени бекемдейт деп эсептейт жана эгер мындай иш-чаралар тез өтүп турса, жашоо жакшырат дейт.

«Оюн өтө кызыктуу өттү. Дайыма ушундай болуп турса жакшы болот эле. Суу жана жер талаштан эки элдин достук мамилеси бузулуп калган. Мындан ары биз тынчтыкта жана биримдикте жашашыбыз керек, ал эми касчылык менен таарынычтарды артка ташташыбыз керек. Эгер чек арада кайрадан жаңжал чыгып, жол жабылса, анын натыйжасында карапайым калк эле жапа чегет”,-деди Насириев.

Жергиликтүү бийлик бул футболдук оюн акыркысы болбойт деп убада берип жатат. Кыргыз жана тажик жаштарынын кийинки спорттук оюну Тажикстандын аймагында өтөт.

Улан Маккамбаев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты