​Ирина Карамушкина: «Саясий куугунтук Атамбаевдин үй-бүлөсүнө чейин жетти»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 31-октябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары да куугунтукка алынып жатканын айтып чыкты.

— Саясий куугунтук экс-президентке гана эмес, анын үй-бүлөсүнө чейин да жетти. Аскер прокуратурасы мамлекеттик органдарды дайыма көзөмөлгө алып турууга мажбурлап, Алмаз Атамбаевдин уулунун ишканасына дайыма текшерүү уюштурулуп келет.

Ишкерликке тоскоол жаратылгандан башка, алардын ишканалары, квартиралары, эсептери камакка алынды. Эми балдарын куугунтуктоого өтүштү. Силердин напсиңер качан тыйылат?.. Атамбаевдин бизнеси өлкөгө кийинки кезде 25 миллион сом төлөгөн, жогорку квалификациялуу кадрларды иш менен камсыз кылып жатат, -деди депутат Ирина Карамушкина.

Мурдагы президент Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы, Батукаевди бошотуу боюнча ж.б. оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган. Алмазбек Атамбвев азыр УКМК тергөо абагында жатат.

Аскер прокуратурасы дкпутат Карамушкинанын айткандарына комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты