​Мозамбикте орусиялык беш жалданма аскер каза болгону кабарланууда

  • 4 года мурун

Мозамбиктин түндүгүндө радикал исламчылар менен болгон согушта орусиялык «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» беш жоокери мерт болду. Бул тууралуу Carta de Mocambique басылмасы өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрда Мозамбиктин Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орус жалданма аскерлеринин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылардын буктурмасына туш болгон. Жыйынтыгында өкмөттүк армиянын 20 жоокери жана беш орус жараны каза болгон. Алардын бардыгынын баштары алынган.

Азырынча Орусия Африкадагы жарандарынын өлүмү тууралуу комментарий бере элек.

Мозамбиктин түндүгүндө 2017-жылдан бери өкмөттүк күчтөр жана жихадчылар ортосунда согуш жүрүп келет. Орусия менен Мозамбик өкмөттөрү 2015-жылы аскердик-техникалык жана 2016-жылы аскердик кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюшкан. Бирок расмий түрдө орус аскерлери Африкадагы бул өлкөгө жөнөтүлгөн эмес.

Октябрдын башында Carta de Mocambique басылмасы исламчылардын базасына кол салуу учурунда «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» бир жоокери каза болгонун кабарлаган. Анда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул өлкөдө орус аскерлери жок экенин айткан.

Москва 2014-жылдан бери Африкадагы 20 өлкө менен аскердик кызматташуу тууралуу келишимдерге кол койгон. Алардын арасында Борбордук Африка республикасы, Мали, Конго, Руанда жана Мадагаскар бар. Борбордук Африка республикасында жергиликтүү жоокерлерди «Вагнердин жеке аскердик компаниясынын» кызматкерлери окутуудан өткөрүп келет. Мындан тышкары орус жалданма аскерлери Ливияда, Суданда жана континенттеги дагы 11 өлкөдө байкалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты