Бекешев: “Компания жетекчисин СИЗОго отургузуп, антикоррупциялык эсепти толтурасың дешет экен”

  • 4 года мурун

Депутат Дастан Бекешев бүгүн, 31-октябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында бюджеттен СИЗОну (тергөө убагындагы абак жайын-ред) күтүүгө көп каражат кетип жатканын, айрым экономикалык иштер менен кармалгандарды же күрөө, же кепилдик менен, СИЗОго камабай коюуну суранды. Бул боюнча мыйзам долбоору каралбай жатканын белгиледи.

-Бир жыл мурун мыйзам долбоорун сунуш кылгам, ошол долбоор эч жылбай жатат. Азыр мындай практика болуп калды: Укук коргоо органдары экономикалык иштерди козгогондо компаниянын жетекчисин СИЗОго отургузуп, антикоррупциялык эсепти толтурасың деп акты түзөт экен. Албетте, эч кимиси отургусу келбейт, колду коёт. Сот болбой эле антикоррупциялык эсеп толтурулат.

Менимче, укуктук мамлекетте андай болбошу керек. Экономикалык иштер менен СИЗОго отургузбасын.

Же күрөө, же эч жакка чыкпоо кепилдиги сыяктуу альтернатива болушу керек. Бизде укук коргоо органдары ошол мезгилден пайдаланып жүрөт.

УКМК СИЗОсуна бир жылда 100 млн сом, жаза аткаруу мамлекеттик кызматына СИЗОго 200 млн сом кетет экен.

Ошондо 300 млн сомду биз жөн эле тергөө убагындагы абак жайын камсыздоого кетирет экенбиз. Бул туура эмес,-деди депутат Бекешев бүгун, 31-октябрдагы, парламент жыйынында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты