​ИИМ: Азыр бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок

  • 4 года мурун

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов учурда бийлик өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жок экенин билдирди.

— Криминалдын бийлик өкүлдөрү жана саясатчылар менен байланышы бар деген пикирлерге кошулбайм. Курманбек Бакиев бийликте турган 2007-2008-жылдары байланыш болгон. Мен Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча резонанстуу ишти иликтөөгө катышкам.

Анын жыйынтыгында бийликтин, криминалдын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган 27 киши жоопкерчиликке тартылган. Ошондо бийликтин, күч органдарынын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы болгону аныкталган, — деди Каниметов.

Ал өлкөдө криминалдын таасири мурдагыдай эмес экенин кошумчалады.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү темасы «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгондон кийин кызуу талкуулана баштады. Бул кылмыш үчүн сегиз адам кармалып, алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушундай ишке барганы айтылган.

Андан көп өтпөй «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылып, анын жанынан ири суммадагы акчасы каракталганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты