​Жээнбеков Россия Президентинин өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-октябрда, Россия Президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы би лдирди.

Мамлекет башчы Михаил Швыдкойду жылуу кабыл алып, үстүбүздөгү жыл Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жогору динамикасы жана интенсивдүүлүгү менен мүнөздөлгөнүн канааттануу менен белгиледи.

«2020-жылды Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылы деп жарыялоо чечимибиз мунун айкын далили болуп саналат. Сиздин сапарыңыз дал ушул окуяга арналууда», — деп белгиледи Жээнбеков.

2019-жылдын 28-мартында Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекет башчылары тарабынан 2020-жылды Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын жана Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын кайчылаш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты