​Илмиянов жети жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды

Жаңылыктар

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

Ошондой эле 1600 эсептик көрсөткүчтө айып пул салып, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмү кабыл алынды.

Жазык кодексинин 204-беренеси, (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен күнөөлүү деп табылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган.

Икрамжан Илмиянов 2017-жылдын 8-августунда "Дизель комплект" компаниясынан 150 миң доллар алган деп шектелген. .

"Мага коюлуп жаткан айыптын фактысы жок» деп билдирген Икрамжан Илмиянов соттогу акыркы сөзүндө.

ЖаңылыктарБишкекОктябрьИкрамжан Илмияновжети жылэркинен ажыратылды