​Илмияновдун соттук териштирүүсү аяктады. Ал соңку сөзүн айтты

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун соттук териштирүүсү аяктады.

Икрамжан Илмиянов соттон адилет чечим чыгышын суранды.

Сотто 30 күбөнүн арасынан бирөө гана, Чыныбай Анарбек уулу, партиялаш катары жакшы мамиледе болгонун билдирди. Бирок иш жүзүндө андай болгон эместигин билдирди.

«Мага коюлуп жаткан айыптын фактысы жок» деп билдирди Илмиянов. «Мен жана менин ата-энем, жаш балдарымдын бактысына, кудайдын, элимдин жана мыйзамдын алдында акты ак, караны кара деп чечим кабыл алып бересиз деп ишенем» деди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өткөн жылдын 20- октябрында УКМКнын тергөө абагына камалган. Икрамжан Илмиянов 150 миң АКШ долларын мыйзамсыз алган деп коррупцияга шектелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты