Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды Түркия күнү менен куттуктады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасынын күнү менен куттуктады.

Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми бир тууган Түркия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 1923-жылдын 29-октябрында Улуттук улуу жыйыны (парламент) Түрк Республикасы түзулгөндүгүн жарыя кылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты